super.kg logo

MBANK Junior картасы менен төлөөдө 100% кэшбэктин аркасында мектеп окуучулары үчүн жол кире акысыз

 

ААК «Кыргызстан Коммерциялык банкы» | MBANK жаңы окуу жылынын алдында MBANKJunior кардарлары үчүн акция жарыялайт.

Эми сиз MBANK Junior картасын колдонуу менен “Тулпар” бирдиктүү төлөм системасы аркылуу коомдук транспорттого төлөнгөн акыны бонустар (кэшбэк) түрүндө 100% кайтарып ала аласыз.

2024-жылдын 2-сентябрынан 30-сентябрына чейин жаш MBANK Junior кардарлары 100% кэшбэк түрүндө жол кире акысын толугу менен кайтарып алуу менен коомдук транспортто жүрө алышат. Ошентип, кардарлар үчүн коомдук транспорттордун жол киреси АКЫСЫЗ болот.

Акциядан пайдалануу үчүн:

1. Смартфонуңузда MBANK колдонмосун ачыңыз.
2. Автобуста илинген QR кодду сканерлеңиз.
3. 3.Төлөмдү ырастаңыз жана жол киренин 100% өлчөмүндө кэшбэкти ошол замат алыңыз.

Бул кантип иштейт?

Баасы 17 сомду түзгөн жол кире үчүн ар бир төлөмдөн кардарлардын эсебине “MBonus” лоялдуулук программасы боюнча 17 бонус чегерилет. Бул бонустарды кийинки жол киреге же MBANKтын башка сунуштарына колдонсо болот.

Акция MBANK кардарлары жана MBANK Junior картасы бар балдар үчүн гана жарактуу. Бул жол кире акысынан үнөмдөөнү гана эмес, заманбап банктык кызматтарды колдонууну үйрөнүүнүн да эң сонун жолу, бул каржылык сабаттуулуктун бир бөлүгү

«Окуу жылынын башталышы менен көптөгөн ата-энелер балдарынын шаар боюнча кыймылын кантип ыңгайлуу жана коопсуз кылууну ойлонушууда. Биз бул акцияны ата-энелердин түйшүгүн жеңилдетүү жана ошол эле учурда жаш кардарларыбызга колдоо көрсөтүү, аларга каржылык сабаттуулукту жана жоопкерчиликти эрте жашынан үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берүү үчүн түздүк”, - деп белгилейт Санариптик өнүктүрүү департаментинин Массалык сегмент боюнча директору Азамат Мамырбаев.

Бул уникалдуу мүмкүнчүлүктү колдонууга шашылыңыз!

Акциянын шарттары 2024-жылдын 2-сентябрынан 30-сентябрына чейин жарактуу.
Толук маалыматты MBANK сайтынан же колдонмосунан ала аласыз.
MBANK – Биринчи санарип!

№ 014 КР УБ лицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: