super.kg logo

Бишкекте өспүрүмдү бычак менен коркутуп, Айфон менен акчасын тартып алгандар кармалды

 

Бишкекте каракчылык менен кол салууга шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда шаардык милициядан билдирди.

Маалыматка ылайык, милицияга калаа тургуну 7-августта Чүй проспектиси менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жашы жете элек уулуна карата күч колдонуп, бычак менен коркутуп, Айфон 12про макс үлгүсүндөгү уюлдук телефонун жана 5 миң сомун тартып алган белгисиз адамдарга карата чара көрүп берүү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (Каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жыйынтыгында, 2005-жылы туулган З.Т., 2006-жылы туулган Э.Э. жана 2006-жылы туулган С.З. (мурда бир нече жолу соттолгон) аттуу шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Милиция кызматкерлери шектүүлөр мурда кылмыштуу жол менен алынган уюлдук телефонду күрөөканага сатып, акчасын коротуп салышканын аныкташкан. Учурда телефон ээсине кайтарылды. Ошондой эле кармалган учурда шектүүлөрдөн бүктөмө бычак (маки), уюлдук телефондор табылып алынган. Алардын ушул сыяктуу башка да кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги аныкталды.

"Шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыркаган болсоңуздар же болбосо кандайдыр бир маалыматыңыздар болсо төмөнкү телефон номурлары аркылуу кабарлоону суранабыз: 0(777) 03-15-15 же 102", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: