super.kg logo

Жибек-Жолу проспектисин оңдоо иштери октябрь айынын аягында бүтөт

 

Учурда Бишкек шаарында 3 көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, Максим Горький көчөсүндө Чыңгыз Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жана Касым Тыныстанов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин 1-катмар асфальтбетон төшөө иштери аяктады.

Ал эми Тыныстанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол жээгиндеги эски бетон бордюрларды чыгарып, жаңы бордюрларды орнотуу, асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүүдө.

Б. Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн А. Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2 катмар асфальт басылды.

"А. Сүйөркулов – М. Горький бөлүгүндө бордюр орнотуу асфальттын 1-катмарын төшөөгө даярдык жумуштары жүрүп жатат.

Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо-А. Сүйүмбаев бөлүгүнүн түштүк тарабында жумуштар аяктап, кыймыл ачылды. Учурда жумуштар ушул эле бөлүктө түндүк жагында жүрүп жатат", - дем айтылат маалыматта.

Ошондой эле Тоголок Молдо көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин асфальттын 2-катмары (ЩМА) төшөлүүдө. Жакынкы аралыкта, жол белгилери чийилип, унаа кыймылы үчүн ачылат.

Жогорудагы бардык көчөлөрдөгү оңдоо жумуштары графикке ылайык жүрүп жатат. М. Горький жана Б. Юнусалиев көчөлөрүнүн оңдоо иштери 15-октябрда, Жибек-Жолу проспектиси 31-октябрда бүткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: