Жалал-Абад шаарында ири өрт кырсыгы катталды



Жалал-Абадда ири өрт кырсыгы катталып, алдын ала маалыматтар боюнча жабыркагандар жок. Бул туурасында бүгүн, 3-сентябрда ӨКМдин маалымат борбору билдирди.
Маалымдалгандай, Молдомуса Конгантиев айыл аймагына караштуу Жапалак айылындагы сарайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 2-сентябрда саат 20:32де түшкөн.
"Өрттү өчүрүүгө Жалал-Абад шаары боюнча №20 ӨККБдан 1 күжүрмөн эсеп тартылган. Тилсиз жоонун көлөмү чоң болгондуктан жардамга кошумча 2 күжүрмөн эсеп жана мындан сырткары шаардын өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы, майор Маматкулов баштаган ыкчам топ жөнөтүлгөн. Өрт кырсыгы 22:50дө курчоого алынган", - деп айтылат маалыматта.
Учурда кырсыктын келип чыгуу себептерин аныктоо жана келтирилген чыгымдарды эсептөө иштери жүрүп жаткандыгы кошумчаланды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.