Париждеги Паралимпиадага барган спортчу дайынсыз жоголду
Парижде Паралимпиада оюндары башталар алдында Руандадан келген спортчу дайынсыз жоголду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, ал 27-августтагы Паралимпиаданын ачылыш аземине катышышы керек болчу, бирок иш-чарага жети күн калганда дайынсыз жоголгон. 20-августта кечки саат 19:00 чамасында волейболчу Париждин аймагындагы делегациясы турган лагерден ресторанга баруу үчүн чыгып кеткен. Ошондон бери аны табуу мүмкүн болбой жатат.
Спортчунун аты-жөнү так айтылган жок.
Ал Бразилияга каршы оюнга дагы катышмак. Париж-2024 сайтындагы расмий командалардын курамына ылайык, Бразилиянын 18 адамдык курамына салыштырмалуу Руандада 16 оюнчу болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.