super.kg logo
  Спорт  

Азия биринчилигинде кыргыз дзюдочулары 10 медаль жеңип алышты

 

Өлкөнүн дзюдо боюнча өспүрүмдөр жана жаштар курама командасы Азия чемпиондугунда 10 медаль жеңишти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, Түштүк Кореянын Мунгён шаарында өткөн биринчиликте кыргыз спортчулары 2 алтын, 8 коло байге уткан. Жаштар арасында (U-20) 81 килограмм салмакта катышкан Эржан Канатбеков жана +100 килограмм салмакта Эмирхан Жолдошбеков алтын медалга ээ болушкан. Ошондой эле 70 килограммда Алина Молдокулова, 57де Жанара Жолдошева жана 63 килограмм салмакта Мырзайым Дуйшенбекова менен Адина Көчкөнбекова 3-орунду багындырышкан.

Ал эми өспүрүмдөр арасында (U-17) 50 килограмм салмакта Марсель Түмөнбаев, 60 килограммда Адис Орозмаматов, 57де Айдай Какитаева жана 70 килограмм салмакта Азима Конокбаева коло медаль тагынышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: