super.kg logo

Өзгөндө бала бакчадан чыккан 2 жашар наристе каналга түшүп кетип каза болду

 

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кароол айыл аймагында 2 жашар наристе каналга түшүп кеткени тууралуу маалыматты бүгүн, 3-сентябрда облустук милициянын басма сөз кызматынан тастыктады.

Маалыматка ылайык, 8-августта милицияга аталган айыл аймактагы бала бакчалардын биринен 2 жаштагы бала чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

"Дайынсыз болуп жаткан наристе бала бакчанын жанындагы аккан каналга түшүп кетип, каза болуп калгандыгы маалым болду. Окуя боюнча күбөлөр суралып, өлүмдүн себебин аныктоо боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалган. Баланын ата-энеси эч кимге доосу жоктугун билдиришип, арыз жазуудан баш тартышкан", - деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: