Бишкектеги жатаканалардын биринде өспүрүмдүн асынган абалдагы жансыз денеси табылды
Бишкектеги жатканалардын биринин душунда өспүрүмдүн асынган абалдагы жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Милициянын маалыматына ылайык, 30-август күнү саат 14:21де 102 кызматына Бишкектеги Панфилов көчөсүндө жайгашкан жатакананын душунда өспүрүм асынып алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобу барып, 2003-жылы туулган өспүрүм асынган абалда турганын аныкташкан.
Бул факты боюнча өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү беренеси менен кылмыш иши козголгон.
Бул кылмышка шектүү катары милиция 1999-жылы туулган М.А.А. жана 1996-жылы туулган Б.Э.У. аттуу жарандар кармалып, СИЗО-1ге киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.