super.kg logo

Эми MBANK Junior картасын ачуу мурдагыдан да жеңил болуп калды!

 

ААК “Коммерциялык банк Кыргызстан”| MBANK MJunior картасын каттоо процессин мурдагыдан да жеңил жана ылдам кылды. Баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк гана керектелет.

Болгону бир канча кадам менен гана ата-энеге катталган, балага тиешелүү картаны ала аласыз.

MBANK Junior картасын ата -энеге кантип катоого болот?

  1. MBANK колдонмосуна катталыңыз. MBANK аккаунтуңузга кириңиз жана негизги баннерге өтүңүз.
  2. “Баланы кошуу” бөлүмүн тандаңыз. «Картаны өзүңүзгө каттоо» бөлүмүн тандаңыз жана баланын персоналдык маалыматтарын толтуруп, баланын жынысын, сүрөтүн кошуп, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн көрсөтүп, балага каттоону өтүңүз. Сөзсүз толтурулган маалыматтарды текшерип чыгыңыз.
  3. Каттоону тастыктаңыз. “Тастыктоо” баскычын басып, тастыктоо сыр сөзүн жазыңыз.
  4. Баланын телефонуна колдонмону көчүрүңуз. MBANK колдонмосун баланын телефонуна көчүрүңуз.
  5. Картага буйрутма бериңиз. Картанын ийгиликтүү ишке киргизүүсү үчүн MBANK Junior картасына буюртма бериңиз

«MBANK ар дайым кардарларынын керектөөлөрүн тыкыр көзөмөлдөйт жана аларды мүмкүн болушунча ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылуу үчүн өз кызматтарын ыңгайлаштырып турат. MBANK Junior карталарын каттоо процессин жөнөкөйлөштүрүү - биздин кардарлардын тажрыйбасын жакшыртуу жана ар бир үй-бүлө үчүн мыкты каржылык чечимдерди түзүү стратегиябыздын бир бөлүгү болуп саналат”, - дейт массалык сегмент үчүн санариптик өнүктүрүү департаментинин директору Алмаз Мамырбаев.

Альтернативалык каттоо ыкмалары:

Андан тышкары санариптик туулгандыгы тууралуу күбөлүккө ээ болгондор үчүн Түндүк кызматы аркылуу, ошондой эле банктын кеңселеринде оффлайн каттоодон өтүү мүмкүн. Жаңы опция MBANK тиркемеси аркылуу картага оңой катталууну каалаган ата-энелер үчүн ийкемдүүлүктү жана ыңгайлуулукту камсыздайт.

Коопсуздукту жогорулатуу жана кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу үчүн MBANKтын чектөөсү: бир ата-энеге экиден ашык балдар картасы берилбейт.

MBANK– биринчи санарип!

КР УБ №014 Лицензиясы






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: