Париж Олимпиадасында ийгиликсиз болгон спортчуга жигити өрт койду
Париж Олимпиадасына марафондо чуркоо боюнча катышкан угандалык Ребекка Чептегеи аттуу спортчу жигитинин кол салуусунан кийин оор жаракат алып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, окуя Кениядагы 33 жаштагы спортчунун үйүндө болгон. Спортчунун жигити пикир келишпестиктен улам анын үстүнө бензин куюп, өрттөп жиберген. Чептегеи денесинин 75 пайыз күйүк алып ооруканага жаткырылган. Анын өрт койгон жигити өзү да күйүк алып, ооруканага жеткирилген.
Угандалык спортчу Парижде өткөн жайкы Олимпиада оюндарында марафондо чуркоо боюнча 44-орунду ээлеген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.