super.kg logo

УКМК Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басарын кармады

 

Ош облусунун Кара-Суу районунун акиминин биринчи орун басары Б.У.А. кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ал Датка айыл аймагынын "Ачы" массивинин аймагында жеке турак жай куруу үчүн жер тилкелерин мыйзамсыз берүүгө катышы бар делип кармалган.

"Аталган жаран Кара-Суу районунун Шарк (азыркы Датка) айыл аймагынын башчысы болуп туруп, башкы планга өзгөртүү киргизип, Датка айыл аймагынын "Ачы" массивинин социалдык объектилеринин жана Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун аймагындагы 10 гектардан ашык жер участокторун мыйзамсыз бергендиги аныкталды", - деп билдиришти УКМКдан.

Ал 30-август күнү кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: