super.kg logo

Миң-Кушта уран калдыгын ташыган унаа кырсыктады (видео)

 

Кечээ, 2-сентябрда Туюк-Суу – Миң-Куш – Арал жолунда уран калдыктарын ташыган унаа кырсыктады. Бул тууралуу бүгүн, 3-сентябрда ӨКМден тастыкташты.

Маалым болгондой, аталган жердин 2-чакырымында Туюк-Суу калдык сактоочу жайынан калдык ташып келе жаткан ХОВО үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, эңкейиш жерге түшүп, токтоп калган.

Жерине ӨКМдин жана ИИМдин кызматкерлери барышкан. Ал эми унаа токтоп калган жерде текшерүү иштери жүргүзүлүп, калдыктар жерге төгүлбөгөндүгү жана эч кандай зыяндуулук жок экени аныкталган.

Учурда жол кырсыгынын себептери такталууда.






Миң-Кушта уран калдыгын ташыган унаа кырсыктады

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: