Асан Жанышов күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болду (видео)
Грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын мүчөсү Асан Жанышов Испаниянын Понтеведра шаарында өтүп жаткан (U-20) Дүйнө чемпиондугунда алтын медаль утту.
Спортчу мелдешке 87 килограммга чейинки салмак категориясында катышты. Ал алтын медаль үчүн беттеште азербайжандык балбан Джоджу Самедов менен күч сынашып, жеңишти камсыздады.
Белгилей кетсек, балбан чейрек финалдык беттеште швециянын балбаны Хамза Сертканлини 7:3 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан. Ал эми жарым финалдык беттеште румыниялык Патрик И. Горданды 8:0 эсебинде утуп, финалга жолдомо алган болчу.
Видео: Prosports Kyrgyzstan
04.09.24
04.09.24
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.