Таиландда автобус жол кырсыгына кабылып, 29 адам каза тапты
Таиланддын түндүк-чыгышында, Пхетчабун провинциясында автобус жол кырсыгына кабылып, 29 адам каза тапты. Бул тууралуу 27-декабрда чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, айдоочу рулду башкарып бара жатып уктап калган. Катуу ылдамдыкта жүрүп бара жаткан автобус 30 метр бийиктиктен түшүп кеткен. Жалпысынан 40 жүргүнчү болсо, кырсык болгон жерден куткаруучулар 28 адамдын сөөгүн табышкан. Калгандары оор абалында бейтапканага жеткирилген. Ооруканадан дагы бир адам көз жумган.
Ушундай эле окуя Таиландда 2013-жылдын октябрь айында катталып, 20 адам набыт болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Asus84

27.12.2013. 11:17
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудай сактай кор бул айдоочусу каякты карап айдап баратты болду экен???
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.