Бишкекте унаанын акчасын төлөбөй качкан шектүү кармалды
Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 5-мартта милицияга Ю.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 3-март күнү А.Р. аттуу жаран Toyota Highlander үлгүсүндөгү унааны 33 миң долларга бөлүп төлөө жолу менен сатып алган соң из жашырып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1988-жылы туулган А.Р. аттуу жаран кармалып, №1 тергөө абагына камакка алынган.
"Анын ушул сыяктуу дагы төрт кылмышка катыштыгы бар экендиги аныкталды. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:57
2025-10-01

22:19
2025-09-30
18:19
2025-09-30
15:55
2025-09-30
15:16
2025-09-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.