super.kg logo

5-сентябрдан Кыргызстанга визасыз кирген өлкөлөрдүн жарандарын каттоо өзгөрөт

 

5-сентябрдан тарта өлкөнүн аймагындагы чет элдик жарандарды жана жарандыгы жок адамдардын келүүсүн тескөөчү токтом күчүнө кирет. Бул туурасында санариптик өнүктүрүү министрлиги маалымдады.

Маалыматка ылайык, өзгөрүүлөр визасыз режимдеги өлкөлөргө гана тиешелүү. Алар Орусия, Казакстан, Тажикстан, Армения, Беларусь, Грузия, Азербайжан жана Молдова, ал чет элдик жарандар жеке максаттар менен өлкөгө келгендер. Ал эми өлкөгө жумуш, окуу же жеке ишкерлик ишмердүүлүк менен келген жарандарга каттоо тартиби өзгөрүүсүз калат.

Буга чейин жогоруда жазылган өлкөлөрдүн жарандары өлкөгө келүүнүн максатына жараша алты айлык мөөнөткө узарта алышчу. Эми Кыргызстандын аймагына жеке максаттар менен узак мөөнөткө келүү үчүн төмөнкү документтер негиз болот:

  • Туруктуу жашоого уруксат;
  • Жарандыктын жоктугу тууралуу күбөлүк;
  • «Кайрылман» күбөлүгү;
  • «Мекен-карт» күбөлүгү.

ЕАЭБдеги жарандар (Армения, Беларусь, Казакстан, Орусия) Кыргызстанда ар 180 күндүк мөөнөттө 90 күнгө чейин документтерди тариздебей жүрө алышат.

Тажикстан, Грузия, Азербайжан жана Молдованын жарандары ар 120 күндүк мөөнөттө 60 күнгө чейин документтерди тариздебей жүрө алышат.

Белгиленген мөөнөттөр бүтөрү менен документтери таризделбегендер өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү, ошондой эле 60 же 90 күндөн кийин кайра өлкө аймагына кайсы өлкөнүн жарандыгына байланыштуу кире алышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: