super.kg logo

Динара Ашимова "Ыйман нуру" фракциясынын лидери болушу боюнча үн катты (видео)

 

Бүгүн, 4-сентябрда Жогорку Кеңештин "Ыйман нуру" фракциясынын лидери болуп Динара Ашимова шайланганы белгилүү болду.

Бул боюнча фракция лидери болгон Динара Ашимова өзү үн катты. Ал фракция лидери кылып партиялаштары бир добуштан колдогонун айтты.

"Азыр отурумда Султанбай Айжигитов официалдуу кабарлады. Регламент боюнча кабарлаш керек. Кечээ өзүбүздүн фракцияда чогулуш өтүп, партиялаштарым менин талапкерлигимди колдоп беришти. Орун басарым Замирбек Мамасадыков ошол эле ордунда калды", - деди Ашимова.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештеги “Ыйман нуру" фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков 30-августта депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазган.

Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы ошол эле күнү Кадырбековдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон.






Динара Ашимова фракция лидери болушу боюнча үн катты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
04.09.2024. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арабтарга окшоп кыздар баштарына чалма оронуп алганы журоко эч кандай ыйман алып келбейт. Кыздардын баштарына чалманы ороп, чумконтуп салуу - кыздарды жашоодо чүнчүтүп салат жана кыздарга карата радикализмди пайда кылат. Кыздардын башына чалма оронтуу жакшы эмес, кыздардын кадыр баркына терс таасирин тийгизет, баркталбай калат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: