super.kg logo

Америкада камалып кеткен кыргыз жигит коомчулуктан жардам сурап кайрылды (видео)

 

Американын Филадельфия шаарында абакта отурган кыргыз жигити видео кайрылуу жасап, бийликтен жана коомчулуктан каржылык көмөк сурады. Ал камалып кетпей, убактылуу түрмөдөн чыгып туруу үчүн күрөөгө берилүүчү каражатты топтошууга чакырды.

Анын айтымында, мекендеши алдап кетип, бул окуяга туш болгон.

“Атым Нурлан. Учурда Филадельфия шаарындагы түрмөдө, соттук отурумду күтүп отурам. Мени кыргыз жигити алдап кетип, камалып калдым. Акыркы эки жылда ага жардам кылып, оор жүк ташуучу унааларды алып берип жүргөм. Ал жумушта уурулук жасап жүрүп, Кыргызстанга качып кеткенге үлгүрдү. Бардык тийиштүү документтер менин атымда болгондуктан мен камалып кеттим. Эми менин ишим боюнча 200 миң доллар күрөө бериш керек. Мен чыгып тийиштүү далилдерди таппасам, камалып кетүү коркунучундамын. Менин жубайым жана кийинекей наристем бар. Учурда жактоочулар менен күрөөнүн суммасын азайтууга сүлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Кыргызстандыктардан жардам сурайм”, - деп билдирди кайрылуусунда.

Ал эми Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги кыргыз жигитинин кайрылуусунан кабардар экендигин билдирип, бул жагдай Америкадагы Элчиликтин көзөмөлүндө тургандыгын маалымдады.

“Учурда элчилик кыргыз жаранынын АКШнын тиешелүү органдары тарабынан камакка алынышы менен байланышкан бардык жагдайларды тактоо боюнча тийиштүү иштерди жүргүзүүдө”, - деп маалымдады ТИМдин басма сөз кызматы.






Американын абагындагы кыргыз жигитинин кайрылуусу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: