Кантта 15 жаштагы Элиза аттуу кыз үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголду
Бүгүн, 4-сентябрда Чүй облустук милициясы 2009-жылы туулган Элиза Изагалиева изделип жатканын билдирди.
Маалыматка караганда, ал 27-август күнү саат 15:00дөр чамасында Кант шаарында жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Өзгөчө белгилери: бою 165-170 сантиметр, орто дене түзүлүштө, көзү күрөң, чачы кара-күрөң түстө.
Кийген кийими: ак футболка, кара шым, кара спорттук бут кийим.
Милиция Элизаны көргөндөр болсо кабарлап коюуну өтүнөт. Байланыш номурлары: 0312 616907, 03132 52147, 0709 502955 жана 0505 768876.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.