Таласта кой кайтарып жүргөн видеосу тараган бала ИИМден белек алды

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда анын Казакстан менен чектеш жерде мал кайтарып жүргөн видеосу кеңири тарап, коомчулукта резонанс жараткан.
Анда бала ата-энесине жардам берип, мал жайып жүргөнүн, келечекте милиция кызматкери болууну кыялданарын айткан.
"Бүгүн ички иштер министринин атынан кичинекей Бектурганга белектер тапшырылып, аны билим күнү менен куттуктадык. Ошондой эле келечекте элине кызмат кылган татыктуу милиция кызматкери болууну каалайбыз", - деп билдиришти министрликтен.
Белгилей кетсек, 10 жаштагы Бектурган Бишкек шаарындагы мектептердин бирине которулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.