super.kg logo

Бишкекте үч унаа сүзүшүп, эки айдоочу жаракат алды

 

Бишкекте үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, эки адам жаракат алды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматы бүгүн, 4-сентябрда билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык кечээ, 3-сентябрда саат 22:30 чамасында болгон.

Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа Л.Толстой көчөсүндө чыгыш багытка бара жатып Хундай-Соната менен кагылышкан, андан соң карама-каршы келе жаткан Киа-Оптима унаасы менен сүзүшкөн.

Mercedes-Benz'тин 19 жаштагы айдоочусу шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Анын баш мээси чайкалып, жамбаш сөөгү сынган. Ал эми Хундай Сонатанын айдоочусу эки бутунан ачык түрдө сынык жаракат алып ооруканага түшкөн.

Унаалар айып короосуна коюлуп, тийиштүү соттук-экспертизалар дайындалды. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: