super.kg logo

Ошто 14 жаштагы кыз 5-кабаттан секирип кетти

 

Ош шаарында көп кабаттуу үйдүн чатырынан 14 жаштагы кыз 5-кабаттан секирип кетти. Учурда аны бул жагдайга жеткирген фактылар аныкталууда. Маалыматты SUPER.KG порталына Ош шааардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя 2-сентябрь күнү Ош шаарынын Төлөйкөн кичи районунда орун алган. Анда 5 кабаттуу үйдүн чатырынан 14 жаштагы кыз секирип кеткен.

“Окуя боюнча милицияга шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнөн кабар келген. Тактоо учурунда өспүрүм кыз өзү жашаган үйгө жанаша жайгашкан көп кабаттуу үйдүн чатырынан секирип кеткендиги аныкталды. Учурда анын бул ишке эмне себептен баргандыгы боюнча тийиштүү тергөө иштери "Сулайман тоо” милиция бөлүмүндө жүргүзүлүп жатат”, - деп айтылат маалыматта.

Өспүрүм кыз учурда оор абалда Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын жамбаш сөөгү сынып, дагы бир нече жеринен жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: