super.kg logo

Баасы 147 миллион сом турган жер тилкеси мамлекетке кайтарылды (видео)

 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети наркы 147 миллион сом турган жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылганын билдирди.

Маалыматка ылайык, атайын кызмат 2008-жылы Коргоо министрлигинин балансындагы 0,58 гектар жер тилкеси министрликтин айрым кызмат адамдарынын кийлигишүүсү менен жеке менчикке мыйзамсыз берилип кеткенин аныктаган.

"2008-жылдан 2022-жылга чейин аталган жер аянты ар кандай адамдарга, ишканаларга катталган. Бүгүнкү күндө ал участок "Б" ЖЧКсына сатылып кеткени такталган. Бул компаниянын уюштуруучулары маркум Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун аффилирленген жактары болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.

УКМК компания жер тилкесин өз ыктыяры менен мамлекетке кайтарып бергенин белгилеп, мыйзамсыз ишке барган министрликтин кызмат адамдарын жоопкерчиликке тартуу үчүн тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






04.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: