Бишкекте таңга жуук 23 жаштагы жигит бычакталган. Милиция анын досун кармады
Бишкекте теңтушун бычактаганга шектелип 23 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-сентябрда милицияга К.Ж. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол эле күнү болжол менен саат 05:30дар чамасында Жумушчулар шаарчасынан баласы теңтушу тарабынан бычакталганын айткан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (Денеге оор залал келтирүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2001-жылы туулган С.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.