Жакында "Apple" компаниясы жаңы iPhone 16 телефонун чыгарат
"Apple" компаниясы жакында жаңы үлгүдөгү iPhone 16 уюлдук телефонун чыгарат. Жаңы гаджеттин презентациясы 9-сентябрда болот. Бул тууралуу аталган компания жарыялады.
Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, "Apple" компаниясы жаңы үлгүдөгү телефонду чыгаргандан кийин iPhone 15 жана бир нече гаджеттерди чыгарууну токтотот.
Азырынча iPhone 16 телефону жөнүндө көп нерсе белгилүү эмес. Бирок эксперттердин божомолунда телефон кош вертикалдуу камераларга жана кара, ак, сары, кызгылт, көк түстөргө ээ болору күтүлүүдө. Ал эми камералары өзгөрүүсүз калат.
Ошондой эле бир нече айырмачылыктар, жаңы функциялар кошулары айтылууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.