Жалал-Абад шаарындагы көп балалуу энелер сыйланды
Бүгүн, 4-сентябрда Жалал-Абад шаарындагы 6 энеге “Баатыр эне” ордени жана 6 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Бул туурасында шаардык мэриядан кабарлады.
Маалымдалгандай, алардын улуусу 76 жашта болсо, эң кичүүсү 37де.
Иш-чарага мэр Эрнисбек Ормоков, шаардык депутаттар кеңешинин төрагасынын орун басарлары Автандил Дүйшеев, Тынчтыкбек Саматов катышып, куттуктоо сөздөрүн билдиришти. Ошондой эле депутаттар акчалай белек беришти.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында жалпы 275 "Баатыр эне", 56 "Эне даңкы" орденинин ээси бар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:19
2026-08-02
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















