УКМК "Салимбай байбачага" байланыштуу мушкер Орзубек Назаровду суракка алды (видео)
Бокс боюнча СССРдин бир нече жолку чемпиону, бегилүү мушкер Орзубек Назаровдун өзбекстандык кримавторитет Салим Абдувалиев (Салимбай байбача) менен байланышы бар экени аныкталды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Мындан улам кечээ, 3-сентябрда УКМК мушкерди суракка алган. Анда Назаров "Салимбай байбача" менен жолугушуусу жана таанышуу жагдайлары боюнча суралган.
Сурак учурунда Назаров 2023-жылы Ташкенттеги Дүйнө чемпиондугунда "Салимбай байбача" аны жана башка Дүйнө чемпиондорун түшкү тамактанууга чакырганын айткан.
Учурда аталган кылмыш ишинин алкагында Салим Абдувалиевдин кылмыш ишине тиешеси бар башка Кыргыз жарандарын аныктоо боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары улантылууда.
УКМК Орзубек Назаровду суракка алды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.