super.kg logo

Ла-Манш кысыгынан өтүүгө аракеттенген 12 мигрант чөгүп кетти

 

Ла-Манш кысыгында мигранттарды ташыган чакан кеме оодарылып, чөгүп кеткен кемеден кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирет.

Мигранттар Британияга Кале шаарынын түштүк-батышындагы Ле-Портель француз коммунасынан сапарга чыккан. Ал эми кеме сапар башталгандан көп өтпөй талкаланган.

Жээк коопсуздугу элүүдөн ашык жаран куткарылганын билдирди. Кеминде дагы эки адам дайынсыз болууда. Жүргүнчүлөрдүн көбү африкалыктар болгон.

Буга байланыштуу, Британия жана Франциянын өкмөттөрү мыйзамсыз миграцияны тыюуга аракет көрүп келет. Лондон өкмөтүнүн маалыматына ылайык, өткөн бир жумада 2 миңден көп киши өлкөгө чакан кемелер менен келген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: