Мунарбек Сейитбек уулу унаасын аалымга белек кылып, кайра өзү унаалуу болду (видео)
Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында күмүш байге утуп тарых жараткан мушкер Мунарбек Сейитбек уулу Кара-Балтадагы медресеге барды.
Анын жүрүшүндө кыргыз мушкери медресенин ичи менен таанышып, медресенин ректору, Кыргызстанга белгилүү болгон аалым Абдурахим шейхке Toyota Camry 80 үлгүсүндөгү автоунаасын белек кылды.
Алгач Абдурахим шейх унааны алуудан баш тарткан. Бирок Мунарбек Сейитбек уулу чын жүрөктөн берип жатканын айтканда баш тарта албай, аалым өзү минип жүргөн унаасын кайра мушкерге белек кылды.
Ошондой эле медресенин жамааты Мунарбек Сейитбек уулуна төө мингизип, чепкен жапты.
Мунарбек Сейитбек уулу минип жүргөн унаасын аалымга белек кылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.