super.kg logo

Эмгек министрлиги 25 миң сомдук жөлөк пул тууралуу маалымат фейк экендигин эскертти

 
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги кыргызстандыктардан жөлөк пулду жогорулатуу тууралуу социалдык тармактарда тараган фейктерге ишенбөөнү өтүнөт.
Мындай маалыматтар менен алдамчылар электрондук капчыктарга кол салуунун аракетин көрүшүүдө.
"Сураныч, жогорулатылган жөлөк пул тууралуу шилтемени ачпаңыздар. Бул фейк маалымат. Ошентип шылуундар сиздин эсептериңизге же жеке маалыматтарыңызга кирүүгө аракет кылышы мүмкүн.
Министрликтин бардык расмий маалыматтары ведомствонун сайтында, социалдык тармактардагы жана ЖМКлардагы расмий баракчаларында жайгаштырылат. Бул учурда расмий маалымат тиешелүү Жарлыктарга шилтемелер менен коштолот", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: