super.kg logo

Кочкордо талаадан жансыз дене табылып, милиция шектүү кишини дароо колго түшүрдү 

 

Нарында адам өлтүрүүгө шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.

Маалыматка ылайык, 3-сентябрь күнү саат 14:35 чамасында Кочкор районунун 66 жаштагы тургуну милиция бөлүмүнө келип, кампанын артында бирөөлөрдүн мушташынан адам өмүрү кыйылганын кабарлаган.

Жерине барган укук коргоо кызматкерлери Кочкор айылындагы Кырман кампасынын артында талаада жансыз дене жаткандыгын көрүшкөн. Сыртынан кароо жүргүзгөн учурда күч колдонулганы тастыкталып, каза болгон жаран Исакеев айылынын 64 жаштагы тургуну экендиги аныкталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) незинде кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары Кочкор районун 42 жаштагы тургуну кармалып, камакка алынган. Ал маркум менен бирге арак ичип отурганда пикир келишпестик чыгып, аны чаап, тээп жибергендигин айтып берген.

Учурда өлүмдүн себептерин аныктоо боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: