super.kg logo

"Дордой" тарапта милиционерди сүзө качкан айдоочу кармалды (видео)

 

Социалдык тармактарда Бишкекте Subaru Forester унаасынын айдоочусу милиция кызматкерин сүзүп качканы тартылган видео тарады. Аны активист Эртай Искаков Instagram баракчасы аркылуу бөлүшүп, окуя "Дордой" базарынын аймагында болгонун жазды.

Свердлов райондук ички иштер бөлүмү окуя кечээ, 4-сентябрь күнү Дордой-1 конушунда саат 17:00 чамасында болгонун тастыктады.

Укук коргоо кызматкери белгисиз жаран жол жээгинде мыйзамсыз күйүүчү-майлоочу май сатып жатканын байкап калган. Ал мыйзамсыз сооданы токтотуу талабын аткарбастан, милиция кызматкерин сүзүп, качып кеткен.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин (Бийлик өкүлүнө карата коркутуу же зомбулук көрсөтүү) незинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары 25 жаштагы жаран кармалды.

Учурда тергөө иштерин уланууда.






05.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: