Таяк тартыш боюнча Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына бара турчу команданын тизмеси

Астана шаарында 8-13-сентябрь күндөрү өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында таяк тартыш боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Анда Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу өлкө намысын коргойт.
Эркектер арасында:
Уланбек Турганбаев - 65 килограмм;
Бекмурза Токтошев - 70 килограмм;
Элдос Айтбаев - 80 килограмм;
Русланбек Чыныбек улуу - 90 килограмм;
Келдибек Атайбек уулу - 105 килограмм.
Кыз-келиндер арасында:
Элзар Абдыкадырова - 55 килограмм;
Адел Маданбаева - 65 килограмм;
Назия Майлыбашева - 75 килограмм.
Курама команда машыктыруучулар Эрмек Курманалиев жана Марат Раматовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.