Садыр Жапаров Аламүдүн районуна жаңы акимди дайындады
Азамат Эргешов Чүй облусунун Аламүдүн районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда президенттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Эргешов Азамат Казыбекович Чүй облусунун Аламүдүн районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - аким болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.
Бүгүн, 5-сентябрда буга чейин аким болуп иштеп келген Мурадин Тешебаев өзү жазган арызынын негизинде кызматтан кеткени белгилүү болгон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-06-26

8:35
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.