super.kg logo

Орусиялык ырчы Алсу ажырашкандан кийин ага кыйын болгонун билдирди

 

Орусиялык ырчы Алсу ажырышкандан кийин маек берип, өзүнүн учурдагы абалы менен бөлүшүп өткөн. Ал ажырашкандан кийин ага кыйын болгонун, бирок баарын жаңы барактан баштаганын билдирген.

"Мен турмушка чыкканга чейин атамдын, турмуш кургандан кийин жолдошумдун көзөмөлүндө болдум. Эч качан 100 пайыз өз алдымча болбоптурмун. Мен үчүн бутума туруп, жашоону жаңы барактан баштоо кыйын болду. Бирок мен өзүм ойлогондон алда канча күчтүү экенмин. Көрсө, аялдардын колунан бардык нерсе келет экен. Чындыгында, биз, кыздар азаматпыз. Мен бир гана алдыга кеттим. Азыр жаңы долбоорлорду алып, өзүмдү ар тараптан сынап жатам. Чарчаган учурларым болот, бирок музыка мага ар дайым дем берип турат", - деген ал.

Белгилей кетсек, Алсу менен жолдошу 18 жыл бирге жашагандан кийин ажырашуу чечимин кабыл алышкан. Алардын эки кыз, бир уулу бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: