super.kg logo

Орусияда адам өлтүүргө шектелген чет өлкөлүктөр Бишкектен кармалды (видео)

 

Адам өлтүрүүгө шектелип эл аралык издөөдө жүргөн 2 чет элдик жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, Азербайжан менен Орусиянын 24 жана 23 жаштагы жарандары Орусияда жасаган оор кылмышы үчүн издөөдө жүрүшкөн. Алар 28-августка караган түнү Сургут шаарында 36 жаштагы кишинин денесине 100дөн ашык жолу бычак менен жаракат келтиришкен. Ал алган жаракатынан улам окуя болгон жерде көз жумган. Шектүүлөр кийин из жашырып качып кетишкен.

ИИМ аталган жарандар Бишкекте жүргөнү тууралуу маалымат алгандан кийин аларды борбор калаанын кичи райондорунун биринде ижарага алынган батирде жашынып жаткан жеринен кармаган. Шектүүлөр камакка алынды.






05.09.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: