super.kg logo

Кыргызстанда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскерлери машыгууларды өткөрөт

 

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аскер күчтөрү 3-6-сентябрда Кыргызстанда окуу-машыгуу өткөрөт. Бул туурасында аталган уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Кабарлангандай, жамааттык күчтөр менен командалык-штабдык "Издөө-2024" жана "Эшелон-2024" атайын машыгуулары орун алат. Орусия, Казакстан, Беларусь, Тажикстан мамлекеттеринин аскерлери машыгуулар өтүүчү аймактарга жеткирилген.

Эскерте кетсек, 2024-жылы уюмга төрагалык кылган Казакстан аныктаган артыкчылыктардын бири аскерлерди (жамааттык күчтөрдү) ыкчам жайгаштырууну, анын ичинде контингенттердин тоскоолдуксуз транзитин камсыз кылуу маселелерин жакшыртуу болуп саналат.

Кыргызстандын аймагында ЖККУ аскерлеринин ар кандай жагдайларга даярдоону бириктирген комплекстүү машыгуулары өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: