super.kg logo

Муфтият жаңы мыйзам долбоору тууралуу комментарий берди

 

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы "Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү" мыйзам долбоору боюнча комментарий берди. Бул туурасында муфтияттын сайтына жарыяланды.

Анда бүгүнкү күндө мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууланып жатканы айтылат.

"Диний башкармалык долбоорду дасыккан диний аалымдар жана юристтер менен бирге талкуулап жатат. Бул жаатта Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши тарабынан да комиссия түзүлүп, укук талаасында иш алып барууда.

Мыйзам долбоорун толук окубай хиджабга, дааватка тыюу салынат тура деп бүтүм чыгарып, интернет желелеринде негатив пикирлерди калтырышууда. Мыйзам долбоорунун табиятында хиджабга, тагыраагы, жоолукка каршы эч кандай пункт жок. Буга чейин аялзаты коомдук жайларда кандай хиджапчан же жоолукчан жүргөн болсо, мындан кийин да ошондой жүрө алышат. Анткени бул биздин өлкөбүздөгү аялзатынын конституциялык укугу. Демек, аталган долбоордо мектеп, оорукана өңдүү коомдук жайларда жоолукка тыюу салынбайт деп айтууга негиз бар", - деп жазылат анда.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия сунуштаган мыйзам долбоору 30-августта коомдук талкууга коюлган. Анда мамлекеттик органдарда жана коомдук жайларда жарандын өздүгүн аныктоого мүмкүндүк бербеген кийимдерди кийүүгө тыюу салуу сунушталган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.09.2024. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамлекет динди козомолдош керек. Жаман нерселердин баары динден чыгып жатат. Калп эле ыйманга жамынып алып Кыргызстанга талибан, вахабизмди орнотууга умтулуп жатышат. Жаштарды исламдаштыруу раликализмге, талибанизмге жол ачат. Бул эң биринчи кыздардын келечегине, эркин өсүп өнүгүшүнө, масаттарына балта чабат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: