Бишкекте жарандын 10 миң долларын алдап кеткен шектүү кармалды
Бишкекте алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Ленин РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү милицияга М.Н. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2021-жылы октябрь айында М.К. аттуу жаран Ысык-Ата районуна караштуу Люксембург айылынан жер тилкесин алып берем деген убадасы менен андан 10 миң доллар алганын, бирок кийин убадасын аткарбай изин жашырып кеткенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (Алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1972-жылы туулган М.К. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.