super.kg logo
  Саясат  

Аскар Акаев Жогорку Кеңештен "экс-президент" макамын кайтарууну суранды

 

Аскар Акаев "экс-президент" макамын кайтаруу боюнча Жогорку Кеңешке кайрылгандыгы маалым болду.

Маалыматты Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин төрайымы Чолпон Султанбекова SUPER.KG порталына тастыктады. Ал кайрылуу Жогорку Кеңешке качан келип түшкөнү боюнча маалымат бере алган жок.

"Комитеттин кароосуна кечээ, 4-сентябрда төраганын атынан келип түштү. Бул маселе көп убакытты талап кылат жана да мен же биздин комитет жалгыз чечим кабыл ала албайбыз. Депутаттар менен сүйлөшүп, талкуулап, андан соң кабыл алына турган маселе", - деп белгиледи депутат айым.

Белгилей кетсек, Аскар Акаев Кыргызстандан 2005-жылы март окуясынан кийин качып кеткен. Ал УКМК менен болгон сүйлөшүүлөрүнүн негизинде 2021-жылы 2-августта Бишкекке келип, ошол эле күнү сурак берген. Анда мурдагы мамлекет башчы тергөө менен келишим түзүп, күнөөсүн моюнуна алган.

Ошондой эле "Кумтөр" иши боюнча кол коюлган документтер боюнча видео кайрылуу жасап кечирим сураган. Башкы прокуратура кийинчерээк ага карата иш токтотулганын билдирген.

Ал эми 19-майда Аскар Акаев жубайы Майрам Акаева экөө Казакстан аркылуу Кыргызстанга киргени маалымдалган. Кийинчерээк анын тарапташтары Акаев Кыргызстандагы университеттерде лекция окуй тургандыгын билдиришкен. Андан соң ошол кездеги билим берүү министри Каныбек Иманалиев Акаевдин пландаган лекцияларынын бардыгы жокко чыгарылгандыгын айткан.

Тунгуч президент пенсияга чыккандан кийин Кыргызстанга келүүнү пландап жаткандыгын да айткан болчу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: