super.kg logo

Бишкекте кылмышка шектүү киши инфаркт менен ооруканага түштү. Аны милиция кайтарууга алды

 

Бишкек шаарында аялды бычактаганга шектелген жаран жүрөк оорусунан улам ооруканага жеткирилип, милициянын кайтаруусунда. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда Биринчи май РИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 4-сентябрь күнү болжол менен саат 20:40 чамасында милицияга Чымкент көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде аял киши бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренеси менен (Адам өлтүрүүгө аракет жасоо) кылмыш иши козголгон.

Тергөөнүн жүрүшүндө жабыркаган 1965-жылы туулган А.Г. аттуу аял Улуттук хирургия борборуна боорунан алган жаракатынан улам жаткырылганы, ал эми шектүү делген 1967-жыл туулган Р.Ж. аттуу жаран окуя болгон жерден "Тез жардам" кызматы менен Улуттук кардиология жана терапия борборуна жеткирилип, инфаркт диагнозу коюлганы аныкталган.

Милиция учурда шектүү дарыланып жатканын белгилеп, кылмыш боюнча тийиштүү соттук экспертизалар дайындалып, ар тараптуу тергөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: