super.kg logo

Бишкектин чок ортосунда скутер айдаган жаран бир кишини өлтүрө сүзүп кетти (видео)

 

Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде скутерчен адамдын катышуусунда жол кырсыгы болуп, бир адам каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы кабарлады.

Милициянын маалыматына ылайык, кырсык 3-сентябрь күнү 21:15 чамасында болгон. Анда скутер минген Д.Т. аттуу жаран Чүй проспектиси менен батыш тарапты көздөй бара жатып жолдо турган 1995-жылы туулган С. Н. жана 1993-жылы туулган С. Т. аттуу жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, андан ары Хюндай Соната үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышкан.

Кырсыктан С.Т. аттуу жаран каза болуп, анын жанындагы жаран ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу, этиятсыздыктан өзгөчө оор зыян келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

"Кылмыш ишинин алкагында, жол кырсыгынын бардык катышуучулары суралды. Мындан тышкары өлүмдүн себебин жана ден соолугуна келтирилген зыяндын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза, транспорт каражаттарына соттук-автотехникалык жана трассологиялык экспертизалар дайындалып, анын жыйынтыгы боюнча чечим кабыл алынат", - деп билдиришти Бишкек ШИИБинен.

Бишкек милициясы скутер айдаган 1992-жылы туулган Д.Т. аттуу жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин кошумчалады.

Учурда тергөө иштери улантылууда.






Бишкектеги үрөй учурган кырсыктын видеосу

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: