super.kg logo

Париж Олимпиадасынан кийин жигити кол салган спортчу каза болду

 

Париж Олимпиадасына марафондо чуркоо боюнча катышкан угандалык Ребекка Чептегеи жигитинин кол салуусунан кийин каза болду. Бул тууралуу Уганданын жеңил атлетика федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Чептегеи денесинин 75 пайызы күйүп ооруканага түшкөн. Маалым болгондой, спортчу менен жигити Даниэль Ндиема уруша кетип, жигити кызга бензин чачып, өрттөп жиберген. Жигити дагы күйүк алып, ошол эле ооруканада дарыланууда.

"Бүгүн таң эрте зомбулуктун курмандыгы болгон спортчубуз Ребекка Чептегеи каза болгонун кайгыруу менен жарыялайбыз. Биз мындай аракеттерди айыптайбыз жана адилеттүүлүккө чакырабыз", - деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.

Угандалык спортчу Парижде өткөн Жайкы Олимпиада оюндарында марафондо чуркоо боюнча 44-орунду ээлеген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: