super.kg logo

MBANK Сингапурдун Thunes компаниясы менен маанилүү меморандумга кол койду

 

Бүгүн, 5-сентябрь күнү Бишкек шаарында ААК Кыргызстан Коммерциялык Банкы MBANK b2b төлөмдөрүнө (компаниялар ортосундагы которуулар жана төлөмдөр) адистешкен сингапурдук Thunes финтех компаниясы менен меморандумга кол койду.

Бул келишимге кол коюу маанилүү окуя болду. Себеби кол коюлган меморандум Кыргызстанда финансылык инфраструктураны чыңдоодо үчүн шарттарды жакшыртат жана кыргызстандыктар жогорку кызмат көрсөтүүлөр менен чогуу, дүйнөнүн 160тан ашык өлкөсүнө акча которууларды жасай алышат.

Өз кезегинде ААК Кыргызстан Коммерциялык Банкынын директорунун милдетин аткаруучу Улан Жанболотов бул кызматташтыктын алкагында Кыргызстандын банк секторун өнүктүрүүгө өбөлгө боло турган жаңы технологияларды жана продукцияларды киргизүү пландаштырылып жатканын айтты.

"Бүгүн биз биз үчүн эле эмес, Кыргызстандын финансы сектору үчүн дагы маанилүү болгон окуянын күбөсү болуп жатабыз. Себеби, биз Thunes менен стратегиялык келишимге кол коюп жатабыз. Биз эл аралык каржы кызматтары чөйрөсүндө жаңы горизонтторду ачып жатабыз. Бул өнөктөштүк биздин кардарлардын мүмкүнчүлүктөрүн гана жогорулатпастан, ошондой эле финансылык кызматтарды жаңы деңгээлге көтөрөт. Thunes менен кызматташуунун аркасында биздин кардарлар дүйнөнүн 160 өлкөсүндө 300дөн ашык төлөм ыкмаларын колдонуу менен заматта төлөмдөрдү жүргүзө алышат. Бул эмне берет? Бул биздин кардарларга дүйнөнүн каалаган жерине акча алуу жана жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн мурдагыдан да тез, ишенимдүү, ыңгайлуу кылып берет", - деди Улан Жанболотов.

Сингапурдун Thunes компаниясынын өкүлү ААК Кыргызстан Коммерциялык Банкына жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

"Бул кызматташуу аркылуу же бул кызматташуу үчүн мен банктын жетекчилигине алардын лидерлиги жана жарандары үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бергендиги үчүн ыраазычылык билдиргим келет. Бул бизди чындап шыктандырууда. Бүгүн биз Кыргызстандын бардык жарандарына узак мөөнөттүү пайда алып келе турган жаңы жолду баштайбыз. Бул мүмкүнчүлүктү түзүп бергени үчүн дагы бир жолу рахмат, мен биздин кызматташуубузду чыдамсыздык менен күтөм", - деди ал.

Андан кийин тараптар меморандумга кол коюп, кызматташуунун жолдорун талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: