super.kg logo

АКШда 14 жаштагы өспүрүм мектепте мугалимдерин атып салды

 

Американын Жоржия штатындагы мектептердин биринде 14 жаштагы өспүрүм ок чыгарып, төрт киши каза тапса, 30га жакыны жаракат алган. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалымдалгандай, каргашалуу окуя кечээ, 4-августта Уиндер шаарындагы Апалачи мектебинде орун алган. Каза болгон төрт кишинин экөө мектеп окуучусу, экөө мугалим экендиги маалыматта айтылган.

Жоржия штатынын тергөө бюросунун маалыматы боюнча, ок чыгарган өспүрүм колго түшүрүлгөн. Ал 14 жаштагы аталган мектептин окуучусу Кольт Грей экендиги айтылды.

Ал эми укук коргоо органдары өспүрүм куралды кайдан алып, кантип мектепке алып киргендиги туурасында маалыматтар териштирилип жататкандыгын кошумчалаган.

Каргашалуу окуяга байланыштуу АКШнын президенти Жо Байден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: