super.kg logo
  Спорт  

Атактуу футболчу Эрлинг Холанд Алматыга келди (фото)

 

Футбол боюнча Норвегия улуттук курама командасы Улуттар Лигасынын алкагында Казакстан менен ойноо үчүн Алматыга келди.

Норвегиялык футболчулар отурган учак бүгүн, 5-сентябрга караган түнү Алматы эл аралык аэропортуна конгон.

Норвегия бул оюнга өтө күчтүү курам менен келди. Алардын арасында "Манчестер Ситинин" жылдызы Эрлинг Холанд, "Арсеналдын" жарым коргоочусу Мартин Эдегор бар.

Казакстан менен Норвегиянын беттеши 6-сентябрда Алматыдагы "Борбордук" стадионунда өтөт. Беттеш Бишкек убактысы боючна саат 20:00дө башталат.

Кошумчалай кетсек, Казакстан Норвегиядан тышкары Австрия жана Словения менен беттеш өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: