super.kg logo

Эртең Бишкекте Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү ачылып, бир бөлүгү жабылат

 

Эртең, 6-сентябрда Б. Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн А. Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгү капиталдык оңдоодон кийин ачылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Ага ылайык, А. Сүйөркулов көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бордюр орнотуу, асфальттын биринчи катмарын төшөөгө даярдык жумуштары жүрүп жатат.

Ал эми 5-сентябрдан 6-сентябрга караган түнү 00:00дөн 09:00гө чейин Б. Юнусалиев көчөсү менен О. Медеров көчөсүнүн кесилиши жабылат.

"8-сентябрда Б. Юнусалиев көчөсү менен И. Ахунбаев көчөсүнүн кесилиши жабылат. 9-сентябрь күнү саат 09:00дө ачылат.

9-сентябрда саат 05:00дө Б. Юнусалиев көчөсү менен О. Медеров көчөсүнүн кесилиши жабылат. 10-сентябрь саат 05:00дө ачылат", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Б. Юнусалиев көчөсүндө жолду капиталдык оңдоо жумуштарын 15-октябрда аяктоо мерчемделген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: