Криштиану Роналду жаңы рекорду менен тарыхка кирди
Атактуу португалиялык футболчу Криштиану Роналду УЕФА Улуттар Лигасынын алкагындагы Хорватия менен болгон оюнда өзүнүн 900-расмий голун киргизип, тарыхый футболчу болуп калды.
Роналду тарыхта расмий оюндарда 900 гол киргизген биринчи футболчу. Ал "Спортингде" 5, "Манчестер Юнайтедде" 145, "Реалда" 450, "Ювентуста" 101, "Аль-Насрда" 68 жана улуттук курамада 131 гол киргизген. Чабуулчу футбол тарыхында, улуттук командаларда, Европа чемпиондугунда, Чемпиондор лигасында жана клубдар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда эң мыкты бомбардир.
Чабуулчу Португалия курамасында 2003-жылдан бери ойноп келет. Бүгүн, 6-сентябрга караган түнү өткөн оюн анын улуттук курамадагы 213-оюну.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.