Иранга каршы мыкты оюн көрсөткөн кыргыз футболчусу карьерасын Вьетнамда улантат
Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Одилжон Абдурахманов вьетнамдык клуб менен келишим түздү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдиги кабарлады.
Кыргыз футболчусу Вьетнамдын "Биньзыонг" футболдук клубу менен келишим түзгөн. Аталган футболдук клуб Вьетнам лигасынын 2023-жылдагы сезонунда 10 жолу жеңишке жетип, 11 оюнда жеңилип, 5 ирет тең чыккан.
Одилжон Абдурахманов буга чейин Кочкор-Атанын "Нефтчи" футболдук клубунда ойноп келген.
Кечээ, 5-сентябрда Иран менен болгон оюнда Одилжон Абдурахманов "Ак шумкарлардын" катарындагы эң активдүү футболчу болду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.