super.kg logo
  Спорт  

Сан-Марино курамасы 20 жылдан кийин алгачкы жеңишине жетти

 

Футбол боюнча Сан-Марино улуттук курама командасы Улуттар лигасынын 1-турдук оюнунун алкагында өз үйүндө Лихтенштейн курамасын кабыл алып, жеңишке жетти.

"D" тайпасына бөлүнгөн курамалардын беттеши 1:0 эсебинде үй ээлеринин жеңиши менен аяктады. Беттештеги жалгыз голду 53-мүнөттө Нико Сенсоли киргизди.

Муну менен Сан-Марино курамасы өзүнүн тарыхында экинчи, акыркы 20 жылда биринчи жеңишине жетти. Эң кызыгы, Сан-Марино акыркы жолу 20 жыл мурун ушул эле Лихтенштейнди жеңип, андан бери жеңиш эмне экенин биле элек болчу.

Сан-Марино курамасы кийинки оюнун 10-октябрда конокто Гибралтарга каршы өткөрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: